кондурга
- Жонундагы жоорун кашып, каккылап жибербес үчүн жылкынын омурткаларынан жипке тизип, аркасы жоор болгон аттын мойнуна тагып коюучу кынжы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Барган күнү туйдурбай, / Конок кылып кондурду, / Кондурган менен ал күнү, / Курсагын жакшы тойгузуп, / Качан аны оңдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Байлык атка кондурган, / Балекет кыргыз койу деп, / Күндө нечен сойуп жеп, / Чуркуратып чубатып, / Айдайт эле сени, деп, / Адырлуу жерде топ болуп, / Суу бойуна токтолуп, / Чөбү калың суу кенен, / Эч бир кайгың жок болуп, / Жуушап жаткын эми, деп, / Койго айтканы дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канатым элең учурган, / Куйругум эле кондурган, / Тырмагым элең алдырган, / Көк мейкин зоодон бийигим, / Караса көздү талдырган, / Чеп элең элге кармаган, / Чер элең токой кармаган, / Карааным Чубак сен эле…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өйүз-бүйүз коо кылып, / Айылды сонун кондурган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Төртүнчүсү хан Калдык, / Эр Бекбача катырды, / Калдыктын таштай тилегин, / Ордуна биздин элдерди, / Кондурган олут-жай берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →