кон
- Учуп жүрүп, жерге, даракка ж.б. отуруу, келип түшүү, орун алуу.
- Отуруу, минүү.
- Чүкө алчы же таа туруу, өкчөгөндө ушундай абалда туруп калуу.
- Көчүп барып конуш алуу, бир жайга орношуу.
- Түнөө.
- Тийүү, таасир этүү.
- Ээ болуу, жетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Семетей, Гүлүс, зор Бакай, / Сейитекте бирге эле, / Мен Кененим болгону, / Кененим атка конгону, / Жалгыз чором болбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…он, / Байлыгы журтка дүң болгон, / Көңүлү калып казактан, / Козголуп чыгып бер жакка, / Келет окшойт сиз жакка, / Көргөн түшүң төп болсун, / Тууруңа сыймык бак консун, / Жорудум сенин түшүңдү, / Азырети Жусуптун, / Арбагы колдоп кут болсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ай эсептеп, күн санап, / Болжоп жүрүп Орусхан, / Таласка келип конду, деп, / Канчоро менен Кыйазды, / Талкалап такыр болду, деп, / Айткан эле биздерге, / Гүлнарды алып көчүрүп, / Келатабыз бул жерге”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мийзам учуп, кыш түшүп, / Окубай куран калабыз, / Эл кыштоого конгончо».
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →