комузчу

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Комузду жакшы черткен, комуз черткенди билген адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Комузчулар күү чертип, / Ырчылары какшанып, / Аты чыгып нечени, / Барган сайын такшалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Жергелей тартып олтуруп, / Дасторкондун бетине, / Жээрине курсак жок, / Бар тамакты толтуруп, / Дембелеп кымыз койдуруп, / Шылуундарга сундуруп, / Кыйак менен комузчу, / Ырчысы кулак тундуруп, / Аңгыча чапты кунанды, / Мингизип бала чубуртуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Эки ногой айрылыш”, / Эмгичекти унутпай, / Комузчулар чертиптир, / Сары ногой Орусхан, / Бул дагы кыргыз уруудан, / Убара болуп ушундан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Шернени баштап койушуп, / Кыз, келинди чогултуп, / Комузчу, ырчы кубулжуп, / Кызыкка булар толушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чал мергенчи да комузчу да экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →