комсоо

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Көрүнүшү серт, кебетеси жөнөкөй, жупуну көрүнгөн.
  2. Ылайыксыз, оңтойсуз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Көктокол берги, Кожаалы, / Көчөнү көздөй желейин, / Аллам ачса ак жолуң, / Кыйаба менен Турнанын, / Башын кесип келейин,- / Кожаалынын Көктокол, / Көрүүгө комсоо мал эле, / Анткени менен жаныбар, / Ашкере тулпар ал эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Комсоо көрүп баланы, / Колдобой пири койгондой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →