компой

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Бир нерсеге ыраазы болгондой, кубангандай көрүнүштө болуу, көңүлү көтөрүлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Батынып биздин Таласка, / Кандай киши келди, деп, / Өзүм барып ким экен, / Ачык дайнын билем, деп, / Коргонго келип компойуп, / Кула атты минип зоңкойуп, / Бастырганы турганда, / Асылбача арстаны, / Ойноо бала жаш чагы, / Талаага чыгып баратып, / Көрүп калды Кула атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Эрегишип эңишип, / Эңген балбан дардактап, / Эки буту салбактап, / Байгесин алып колуна, / Териге сыйбай далактап, / Эңдирген балбан томсоруп, / Жекелеп элден компойуп, / Элден мурун кээ бири, / Жүрүп берет комдонуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кошуундан чыгып компойуп, / Чүкө ичинде томпойдой, / Элге батпай кортойуп, / Жети сууга барам деп, / Кетип барат Каракөз, / Аркамдан куугун жетет деп, / Санаасы сан, кыйал миң, / Нетип барат Каракөз, / Өлбөй тирүү бар туруп, / Кайран жандан түңүлүп, / Кечип барат Каракөз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колундагы кишисин, / Алдырып Татан компойуп, / Бактыбайдын артынан, / Бадырек барат чу койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →