комендант
- Крепосттун, ар кандай согуштук чептердин аскерлеринин башчысы.
- Гарнизондук жана кароолдук кызматтын туура жүргүзүлүшүнө, аскер кызматындагылардын коомдук жайларда тартип сактоосуна көз салуу милдетин аткаруучу аскер башчысы.
- Аскерлерди же аскердик кызматтагы башка, адамдарды жана согуштук жүктөрдү бир орундан экинчи орунга жөнөтүү, жеткирүү иштерин туура уюштуруу жагына көз салуучу, тейлөөчү адам.
- Кандайдыр бир мекеменин алдындагы үйлөрдү, жатаканаларды башкаруучу, анын чарбалык иштерине жетекчилик кылуучу адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.