комдуу

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Кому бар, чом салынган, комдоп коюлган.
  2. Кому ачылбаган, жонундагы майы кете элек, семиз бойдон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Испандакы Ачакан, / Кайраты артык мыкты жан, / Коросон, Ооган, Индустан, / Булардын эли мактаган, / Бир жүз сексен комдуу нар, / Жонунда жүгү дагы бар, / Ачаканга арналып, / Бермек болгон жайы бар, / Темирбекке Ачакан, / Жээндик жайы дагы бар, / Дабытай менен Ачакан, / Келе турган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ей барбаңдап, / — Баш кишибиз Дабытай, / Колуңда барды багып жеп, / Козголбостон жөн жатпай, / Чойун алп качып кеткенде, / Ушул жерден биз кайтпай, / Калмактан комдуу нар алып, / Алтын, күмүш жана алып, / Түргөн жибек аны алып, / Жыты сонун жакшы деп, / Каптал-каптал чай алып, / Жасоол болуп калмакка, / Кыргызга келип кол са… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Жамбыны атып ким алса, / Жамбыга кошуп алары / Тогуз атан комдуу төө, / Тогуз бедөө жакшы ат, / Тогуз ичик булгундан, / Топо жукпас кулпунган, / Жүз сарыпай чапан бар, / Жамбы байге утуп кал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →