комдон

китептерде 15 жолу, 8 китепте
  1. Арткы буттарын жыйырып, бир нерсени качырууга, атырылып тийүүгө камданган абалда бөгүп жатуу (итке же башка жырткыч айбандарга карата).
  2. Бир нерсеге тап койгон, даярданган, обдулган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…и буту салбактап, / Байгесин алып колуна, / Териге сыйбай далактап, / Эңдирген балбан томсоруп, / Жекелеп элден компойуп, / Элден мурун кээ бири, / Жүрүп берет комдонуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Козголуп өөдө комдонуп, / Жүүртө басып оңдонуп: / — Батай бала, не дейсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өзү түшүп өлбөйбү, / Карасуунун тушуна, - / Айтып болуп Алмамбет, / Сарала минип комдонуп, / Саргарып өңү томсоруп, / Карасуунун буткулга, / Бура тартып чуу койуп, / Ат айабай аргытып, / Артынан чаңын баргытып, / Чабалай жетип келгенче, / Өтө берди артылып, / Көрүнбөй Алмаң турду эми, / Көмүскөгө жашынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ргый туйүлүп, / Аңгычакты Айчүрөк, / Ал дагы түшүп жүгүрүп, / Башын жөлөп караса, / Көзүнүн жеги ириңдеп, / Тиштери чыгып ырсайып, / Тумшугу менен жер сайып, / Комдонуп жаткан бойунча, / Кобо албай жаткан чагы экен, / Семетейди сагынып, / Он эки жыл зарыгып, / Эмне үчүн келбейт, деп, / Жаткан экен тарынып, / Эски жүнүн түшүрбө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жайдак болбой бардык нар, / Төө жабуу салып комдонсун, / Самсаалатып чачысын, / Четине жибек тор болсун, / Буйласы калай, жез чынжыр, / Кем-керчиси болбосун, / Үчтөн төөгө бирден тың, / Жүк артарга уул болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →