комдолуу

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Жүк артууга даярдалып, үстүнө ком салынган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыркча төөсү бар экен, / Баары тегиз комдолуу, / Кырк төөгө буудай арттырды, / Баркөлгө Жакып тарттырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ерге, / Алтын-күмүш, зар кылды, / Токто сарт алып кетерге, / Төрт түлүктөн мал жыйды / Эки миң ирик, миң асый, / Баары өңдөш сур асый, / Минилбеген кур асый, / Комдолуу нардан кырк бешти, / Кош өгүздөн кырк бешти, / Колбутуп малды айдатты, / Сары дөбө, Терсайрык, / Чалкага барып кондуртуп, / Чогулушуп жатышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Он эки атан төөм бар, / Комдолуу атан төөлөргө, / Бар дүнүйөмдү жүктөттү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көгөнүн теңдеп арттырып, / Комдолуу нарча төө менен, / Ээрчитип кулун бээ минген, / Унаасы жок жөө жүргөн, / Тайагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй боорго өөн менен, / Жылкы ай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Комдолуу төөнү колбутуп, / Отун жүктөп топтотуп, / Аш-тамак артып атына, / Капырлардын дартында, / Келген киши үч миңге, / Коромжуга Калдуубет, / Арыз-абал айткан кезде… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →