комдо
- Төөнүн үстүнө ком салуу, ком токуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздан өлгөн эрлерди, / Элдин ханы дегенди, / Алдырып келген Бекбача, / Булгарыга оротуп, / Жибек менен тордотуп, / Нардан тандап комдотуп, / Белгилеп ханын тургузуп, / Калгандарга угузуп, / Комдогон нарга жүктөтүп, / Ар бир эрге, үч жүздөн, / Киши кошуп дүрбөтүп, / Жай-жайына жеткир, деп, / Зыйна…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Топтотуп туруп бар малын, / Комдотуп туруп нарларын, / Арттырып алтын зарларын, / Эсебин сүрүп таппасам, / Көңтөй менен Шооруктан, / Олжо алган малдарын, / Чогултуп пулун жыйдырып, / Чокчоңдогон М…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жапанда жүргөн жайылып / Карадөөнүн көп төөсүн, / Карматып келип комдоду, / Бир төөгө алты кап артып, / Жипке теңдеп дорбону, / Сейити келет экен деп, / Элдин баары дүрбүдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кулпу салчу төңөлүк, / Көзөөсүз туйук болуптур, / Аны Кошой абабыз, / Көзөөлүү кылып ойуптур, / Жетпей кыска болгондо, / Узатып Чүрөк чойуптур, / Кара лөк кому жерде экен, / Гүлүстөнүм комдоду, / Сейитегим уктачу, / Керебет алтын болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
намыска, / Алтымыш нарды комдойун, / Айры өркөчтөн кошпойун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →