ком
- Төөгө жүк артуу үчүн өркөчүнө, белине орой таңылган кабат-кабат кийиз же башка калың нерсе, чом.
- Абдан семирген төөнүн же уйдун жон майы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Комулдагы Таабалды, / Адам коркор эр ушул; / Турпандагы Турумбек, / Түбү уунун бири бу; / Манастагы Такырбаш, / Тап бергенин качырбас, / Анткен менен Такырбаш, / Өзү мыкты амал аз; / Жалгызектин Бактыбай, / Кан ичменин бири бу, / Бекбачадан кем эмес, / Белдүү баатыр мына ушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…гон казына, / Жүктөтүп келип барын ал, / Жараса ооган кызын ал, / Жаратып туруп узун ал, / Чаптырып туруп күлүк ал, / Жактырып туруп нарын ал, / Жаптырып туруп комун ал, / Үйрүн бузбай тобун ал, / Карысын койуп жашын ал, / Айагын койуп башын ал, / Төрт түлүктүү бизде мал, / Түп көтөрө баарын ал, / Андан кала бергенде, / Жыл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коңур болбой комур бол, / Чантуу Манас дегенде, / Кайнаган экен сенде шор!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ком жыгачы баары жез, / Сарамжалың болсун тез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →