колукту

китептерде 18 жолу, 3 китепте
  1. Күйөө боло турган жигити бар кыз, кайыны бар, кайындуу кыз.
  2. Жаш келин, жаш аял.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Болжолдуу күнү Айчүрөк, / Кыйазга карап эркелеп, / Шашмалап калды эртелеп: / — Ханым, Кыйаз, кебим ук, / Колуктум алып келем деп, / Уулуң кетти удургуп, / Көчүмдө тосуп баргын деп, / Айтып кетти бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Куйалыны Сейтекке, / Колукту кылып алалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тынымканга авазир, / Кымбат деген бир кыз бар, / Ошол кызды, Байтерек, / Колукту кылып аласың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
– Түндө түшүмдө Өмүраалы кырк жигити менен Чыныбекти өлтүрүп, колуктумду таап аламын деп жолго чыгыптыр, – деди.Чыныбек: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Эртеси Чыныбек баатыр колуктусун алып келип калды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →