колтукта

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Колтугунан алып сүйөө, жөлөө, колтугуна кысуу.
  2. Колтукка бир нерсени кысып алуу, кучактоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колтукта калып кол тийбей, / Колу түгүл жел тийбей, / Калган Гүлүс акырып, / Кайра тийди качырып, / Гүлүстүн үнүн укканда, / Гүдүңдөгөн Кызыл алп, / Умачтай көзү ачылып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пилин минип томтойтуп, / Темирден найза кокойтуп, / Көргөндө жүрөк солк этет, / Чоңдугу тоодой зоңкойуп, / Кабаттап калган тартынып, / Соң темирин артынып, / Чарайнасы чатырап, / Чойун чокмор колтуктап, / Пил минип келди бадырек: / — Бириң эмес, баарың кел, / Мен Майтыкмын билгиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акактай жеңең Айчүрөк, / Орогон алтын дейилда, / Ороосун алып колтуктап, / Мунарда туруп баланы, / Тегерете каратты, / Ал баланы көргөндөр, / Акылынан адашты, / Так Семетей экен, деп, / Көргөндөр айтып баалашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кара чаар кабылан, / Ат колтукта кабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жатаарда катыны мага бир таарды колтуктатып, өзү менден боюн обочо алып, сокур кишини жетелегендей оозгу үйүнө жетелеп, алып келди да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →