колтоңдо

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Колтойгон жоон, чоң кишинин же жаныбардын кыймыл-аракетине басканына, жүгүргөнүнө ж.б. карата айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

сапсаңдап, / Баштары жүндүү саксаңдап; / Айуу келет апсайып, / Тууралжын болуп балчайып; / Бууралар келет куркулдап, / Оозунан көбүк бартулдап; / Пилдер келет колтоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп; / Чөөлөр келет шыңкылдап, / Келарыс келет кырсылдап; / Ажыдаар сойлоп жыйрылып, / Көп экен деп шашпагын, / Кереги жок башканын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ном деген пил бар эле: / Отуз эки пилинин, / Эң балбаны ал эле, / Жоону туйук томпоңдоп, / Дүк-дүк желип колтоңдоп, / Чыгар-чыкпас карышка, / Куйругу келет чолтоңдоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…улжалары дердеңдеп; / Бугулар келет тарбаңдап, / Таноолору барбаңдап, / Алтымыш айры мүйүзү, / Ала бакан каркаңдап; / Эликтер келет молтоңдоп, / Төөкийик келет колтоңдоп, / Пилдер келет томпоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп; / Жолборс келет суналып, / Илбирс келет чубалып, / Шери келет чакчаңдап, / Айуулар келет саксаңдап, / Карышк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →