колоңсо

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Колтук терисинин коңурсуган жыты.
  2. Аттын эки алдыңкы бутунун тизеден өйдөрөөк жериндеги (ички тарабындагы) бармак басымдай карты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ат менен басса карс этип, / Колоңсодон такалып, / Жөөлөп басса көтөрүп, / Күн чыкканча агарып, / Күн тийгенде көгөрүп, / Күндүн болжоп чыгарын, / Түйүнүн чечип дубанын, / Тура калды Алмамбет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чылбырдан кармап имерип, / Үзөнгү боого салганы, / Сүйрөп жөнөп калганы, / Суудан чыкты көгөрүп, / Эрлик кылып канкоруң, / Эки найза өңөрүп, / Кургакка чыга бергенде, / Каржиликте колоңсо, / Айманбозду Алмамбет, / Каната чаап таштады, / Айманбоз аксап баспады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күндүзү Чүрөк суйсалат, / Түнүдөсү жатканда, / Колоңсосу жыттанат, / Бу сапар көрдүм арыбын, / Арыбын мага салганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карга салып бастырса, / Колоңсодон тыгылып, / Үзөңгү карга чийилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →