коломто
- Боз үйдүн от жагылып, казан асыла турган жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кадиксиз жерге жол салбас, / Кармашпаса баш албас, / Карачкыдай турганда, / Алмамбет сага кол салбас, - / Акимсинген көптөрү, / Ажарлары өзгөрдү, / Коркпогондо неткени, / Кулдуйуп жатып кеткени, / Коңурукка киргенде, / Коломтодо күл калбай, / Сапырылып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Далай малы бар болуп, / Коломтолуу бай болуп, / Козголбой жатчу неме эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Коломтодо чок күйүп болуп, акырын гана карарып, күңүрт тартып барат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Өлтүрө көрбө, коломтодогу күлүң болуп берейин, – деп жалынат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →