колмо-кол
- Колдон колго, накта, эки тараптын бирөөнөн экинчи бирөөнө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ал килемдин үстүнө, / Олтургузуп алышты, / Колмо-колдоп көтөрүп, / Алып кетип калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…бир жакка, / Жүз миң аскер жолумда, / Туткалыгы сары алтын, / Баашалык такта колумда; / Асылдан килем салчу эле, / Ал килемдин үстүнө, / Олтургузуп алчу эле, / Колмо-колдоп көтөрүп, / Он күндүк жолго бир күндө, / Алып кетип калчу эле; / Улуктук эмей неткеним, / Ойлочу Сыргак сырттаным, / Он күндүк жолго бир күндө, / Ойноп-күлүп же…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…й, / Келди үйүнө темтиреп, / Кейпин көрүп чоң дөөнүн, / Кемпири жаман алдырап: / — Баарың келген бачым, — деп, / Уландарын чакырып, / Колтуктап аттан алышып, / Колмо-колдоп көтөрүп, / Алып кирип үйүнө, / Жайы менен ылайык, / Жарага дары чабышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Кызды колмо-кол бермек болуп, ал жерден кудамудалары менен биякты көздөй жөнөп калышат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →