колко1
- Кекиртектин алкым жаккы жоон бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Залдарынан балтанын, / Үзүлүп кетти колкосу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колко тоодой төртөөнү, / Сейитимге алпарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…птыр, / Калың Калча кеп угуп, / Жалгызек келди деп угуп: / — Музой Калча, оңбой кал, / Байлап бербей бүркүттү, / Убара кылып баатырды, / Мунуң жакшы иш эмес, / Колкосун берет болуучу, / Кошойдун уулу Жалгызек, / Кара жемсөө киши эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Коон жесе Чүрөктүн, / Колкосунан көрүнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →