колдуу
- Колу көп, аскерлүү, кошундуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элге батпас ант ургур, / Жерге батпас кутургур, / Беттешип барып кор болду, / Мен-менсинген далай дөө, / Кыргыз колдуу жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ургуйлап шамал каптаса, / Туман болуп боз түшсө, / Күн көрүнбөй түн түшсө, / Бөлүнбөсүн көөнүңөр, / Манастап ураан чакырып, / Көйнөктү желпип көрүңөр, / Сыйкыр колдуу эч нерсе, / Силерге жакын келе албайт, / Чын пилдерин жумшаса, / Алмабаш менен аткыла, / Майданга чыкса жекелеп, / Баатыр Тапак белиң бар, / Чойтолоң менен Таз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кытайдан Коңур козголду, / Кектешип жүрүп акыры, / Семетей колдуу жок болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Киши колдуу болуп өлгөнү, жок өз ажалынак ооруп өлгөнү маалым эмес: кийин Ыйманкулду өлдү деп уктум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ким колдуу болгонун дароо байкады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →