колдура
- Колдур-колдур эткен доош чыгаруу, үнү жоон чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дегенди алып ойуна, / Өлөмүн деп санабай, / Өзүнүн жанын айабай, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Алоолонгон жалында, / Кылчайып артын карабай, / Олуйа Кошой асынган, / Койчагырды колго алды, / Куржун башы дарыны, / Кур дедире куйганы, / Колодон кылган сүмбөнү, / Колдурата урганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Ыйманкул колдураган колу менен көзүнүн жашын эки-үч ирет сүртүп алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →