колдон

китептерде 87 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир ишти аткарууга пайдалануу, жумшоо, ошол аркылуу аракет кылуу, иштөө.
  2. Жетекчиликке алуу, колдонмо катары пайдалануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жедигердин Каракөз, / Айтканы так таттуу сөз, / Анткен менен Каракөз, / Ниетинде күмөн бар, / Колдон келсе иш бөлөк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Түндө чыктым көп колдон, / Бир кишиге жолуктум, / Тээ өөдөкү кайкы туу жондон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Найзасын колдон алдырып, / Төбөй чочко арданды, / Жолум үйдөй чойун баш, / Булгап колго алганы, / Тердебес менен тап берип, / Чокудан нары салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки булчуң жарылып, / Салаалаган кан агып, / Эч болбосо бир эмес, / Эки колдон тең агып, / Кызыл лөктүн үстүндө, / Терекбай турат далдайып, / Өпкөнүн каны түгөнүп, / Жыгылып калды дардайып, / Өзү айбан кызыл лөк, / Өнөрү малдан бир бөлөк, / Башын жерге салганы, / Оозунда тиши шакылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Торсолдойду хан Бакай, / Кармап колдон жетелеп, / Каныкей келет эңчеңдеп, / Гүлүстөн келет жанашып, / Көргөндүн баары карашып, / Кызыл тилдүү Керменбай, / Сетертай менен Каргалдай, / Сетертайдын багы деп, / Айтып жаткан дагы бар, / Торсолдойду кара, деп, / Суктанганы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →