колдой
- Калбыюу, долдоюу, эби-сыны жок колжоюп көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Байыркылар кеп салат: / “Баатыр Манас арбагы, / Узартып айтсак ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – де…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Оозунан көбүк чачылып, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Мурдунан чыккан көк буусу, / Кол ыштыктай буркурап, / Оозун ачып эстенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Башынан калмак сологой, / Балта чабат оң колдой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аладан көйнөк кийгемин, / Ушул мезгил жаман чак, / Ак калпак кыргыз элиңди, / Атагы Талас жериңди, / Аркаңда калган белгиңди / Алганың Каныш билгичти, / Арстаным, арбагың менен колдой жат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан хан кары, сен жашсың, / Тапан хандан баш тарткын, / Бар ишиңди бүтүрчүү, / Тирүү турам, мен бармын / Терип сүйлөп термелеп, / Самындай эзип олтурбай, / Ушул сырым, мен айттым, / Көңүлүң болсо мен жакта, / Сөзүңдү токтот, тез кайткын, / Куткарбас бизди колдойт, де, / Тапан ханга сен айткын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Аттанып чыксам акжолтой, / Аркамда жүрсөң сан колдой, / Эмишкен эмчек тууганым, / Өрнөккө чабаар бууданым, / Жоого салаар балбаным, / Беттешкенде алганым, / Берекелүү бек айбат, / Белдүү Гүлүс арстаным.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →