кол1

китептерде 4411 жолу, 10 китепте кол 2 →кол 3 →
  1. Адамдын эки ийнинен баштап, манжаларынын учуна чейинки мүчөсү.
  2. Малдын алдыңкы буту.
  3. Беш манжа.
  4. Кимдир бирөөнүн жазуудагы, тамга тартуудагы өзүнө мүнөздүү болгон өзгөчөлүгү.
  5. Кандайдыр бир документке, тизмеге, текстке же картинага тиешелүү адамдын өзү тарабынан жазылган фамилиясы, аты-жөнү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Ма… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Кош, эмесе,” – деп айтып, / Кол тартышып Жакып бай, / Аттанып жолго салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчорону келтирип, / Колу-бутун чечтирип, / Ичкиниң деп аш берип, / Бакай айтат бир кепти: / — Кызыталак, арам ит, / Атаң Чубак эр эле, / Эр уулу менен тең эле, / Атадан айлан, чунак ит, / Эмне болдуң сен эле?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Беккул шымын чечип колуна кармап алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →