кокустан

китептерде 87 жолу, 8 китепте
  1. Байкоосуздан, күтпөгөн жерден, мезгилсиз, аңдоосуздан.
  2. Бекеринен, курулай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Барбасам болбойт, барам, — деп, / Мага керек болдуңар, / Жүргүлө отуз адам, — деп, / Отуз киши котчу алып, / Талап элди кетет, деп, / Кокустан ооган кол салып, / Ырысканга соога, деп, / Кылдап сонун бокчо алып, / Шоорук хан барып калыптыр, / Оогандын ханы Ырыскан, / Алдынан киши жиберип, / Тостуруп муну алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Киши келбейт байкасам, / Келип калса кокустан, / Эл упурап чачылат, / Арада канча киши бар, / Ошонун баары кысылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…шка бурбасын, / Кытайлыгын кылбасын, / Мен өлсөм мейли бир башым, / Тууган элим - алашым, / Түркүгү болгон Манасым, / Жөөсүндө каптап кетпесин, / Кескилеп этин кокустан, / Балакет ага жетпесин; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Ман… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты ал жерге, / Келип калды Айчүрөк: / — Кыз Куйалы жиберди, / “Мага кезек келсе, — дейт, / Найза сынса кокустан, / Мага найза берсе, — дейт, / Колумду ага тийгизбейм, / Бул сырымды билсе” – дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кестирип кечир кокустан, / Майып болгон окустан, / Арманда калган Гүлчоро, / Далыдан ысык каны акты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →