кокуста

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Бир жери катуу ооруп же майыптап калуу, кырсыктоо, зыяндоо, жаман ишке дуушар болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куру кантип кетем, деп, / Коркутсам малдан берер, деп, / Сенин кокустап айткан кебиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…лып, / Көзү агып калган бар; / Жыгачтуу жерге жыгылып, / Жалпак бет болуп калган бар; / Мурду сынып былчыйып, / Көзү шишип кеткен бар; / Шоолаланып жылчыйып; / Кокустап бели калган бар, / Кобалбай жатат чыңырып, / Аралап баатыр Кененим, / Ат бастырып өткөн жер, / Жуушаган койдой торойду, / Каптап калмак келбеди, / Тажикке жард… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдына колун салыптыр, / Баланы өөдө кылганы, / Көтөрө албай баланы, / Бакдөөлөт көзү жайнады, / Ээрдин кесе тиштенип, / Көтөрүп жерден алганы, / Күч келиптир Бакдөөлөт, / Кокустап бели калганы, / — Татай, көтөк, нетти?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →