кокус

китептерде 55 жолу, 10 китепте
  1. Байкоосуздан, күтпөгөн жерден.
  2. Майып, зыян, кырсык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен кат билбеген кара түрк, / Унутуп калам кокус, деп, / Он сыйра айтып жаттадым, / Сага кандай айтам, деп, / Кирпигимди какпадым, / Ошондо угуп жүрөмүн, / Бул үчөөнүн чогулуп, / Бир масилет тапканын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жамгырчы менен Балта дөө, / “Сынчыдан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чачыкей, / От койуп кокус жиберет, / Аңкаарыгын аны, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Испан менен Ирандан, / Кокон менен Кашкардан, / Келбесин кокус кас душман. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Карчыга: "Кокус мен кетип калсам, булар Жагалымды өлтүрүп коюшат, ошондуктан үйдөн эки-жакка чыкпайын" дейт да, жеңесине: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →