кокуйла

китептерде 24 жолу, 8 китепте
  1. «Кокуй-кокуй!» –деп кыйкыруу.
  2. Жаны кейигенде, түйшүк тартканда «кокуй-кокуй» деп азаптануу, кордук көрүү.
  3. өт. Өкүнүү, арманда калуу, кейип-кепчүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Талап алып аларды, / Коросон көздөй жол алды, / Коросонду кар кылып, / Кокуйлатып чаап алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Талаада ыйлап мен турам, / Тар болгон бүгүн заманам, / Каныбызды калмактар, / Кармап алып байлаган, / Жылаңайак токмоктоп, / Куйкасына туз куйуп, / Таманына шиш кагып, / Кокуйлатып айдаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кочкоруна асемдеп, / Кош коңгуроо тактырган, / Козголбогон эчен бай, / Кокуйлатып сабаган; / Текесине тектеп, / Тел коңгуроо тактырган, / Термелбеген нечен бай, / Телпеңдетип сабаган, / Кайаша берген эмесин, / Чоң Кеңколго камаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жолу күнү болгондо, / Жоболоңду Ажыбай, / Кокуйлап жүрүп өңөргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аюу көзүнүн от чагышып кокуйлап ордунан ыргып турат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →