кокуй

китептерде 43 жолу, 9 китепте
  1. Чочуганда, таң калганда, иренжигенде, бир жери катуу ооруп, жаны кейий түшкөндө колдонулат.
  2. Азап, жаманчылык, оорчулук, кырсык маанисинде колдонулат.
  3. Болбогон, начар деген мааниде айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөлүм кайда жүргөнүн!- / Төлөк салып төлгөсүн, / Бир тиктеп чачып жиберип, / Көзүнөн жашын имерип: / — Абаке мингин атыңа, / Бүгүндөн калбай жетели, / Бетегелүү Койташка!- / Далысын карап Алакен: / — Атанын кокуй, абаке! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыга калса Айчүрөк, / “Атанын кокуй наалат! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ «Кокуй», — деп, айтып койгон жок, / Кылымда мындай болгон жок, / Терисин тилип сойушту, / Далысын алар ойушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Же бир элге чендесекчи кокуй! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат, – деп үй астындагы ордун оозун ачат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →