кокту
- Чоң жылга, эки кырдын ортосу, колот.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Бейбашсың, моңгул, сен, — деди, / Бейбаштыгың ар качан, / Өзүңө пайда бербеди, / Коктукаттын шаарына, / Кошуунуң калбай жүр!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коктукаттан кол тартып, / Койбой элди чубатып, / Кененимден доо доолап, / Чиктейдин кунун алмакпы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кулжанын жаткан белеси, / Айагы сегиз коо экен, / Үстү бийик тоо экен, / Өөдө-төмөн бөлүнгөн, / Тогуз жолдун тоому экен, / Отуз кокту оозу экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качырып барып жетти эле, / Найзанын учу жетерде, / Капталга койуп кетерде, / Кыйын экен Суркойон, / Кыйа тартып жалт берип, / Коктудагы койондой, / Аркасынан кылт берип, / Уйалбастан Канчоро, / Өкүргөндөн бакырып, / Хан Кыйаздап чакырып, / Кыйазга жетип барды эле: / «Катыгүн, Кыйаз, болбоду, / Сары хан, элди оңдоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →