кокондук
- Кокон тыйынчалык, кокончолук, коконго татырлык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Теңтуш киши кептенип, / Аңгемелеп күлбөдүм, / Темселеп жүргөн кокондук, / Алып келип жүрбөдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Караанын көрүп, Кокондун, / Кыргыздар аң-таң калышып: / «Тукум курут болгунча, / Түгөнгөнчө салышып, / Келген экен бизге», — деп, / Күжүлдөшүп калышты, / Баш–аламан чоролор, / Атына минип алышты, / Ойуна алып ошолор, / Катылышса кокондук, / Койбой барын чабышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кокондуктун элинен, / Бир жүн төш катын алыпсың, / Күндүз жатып уктайсың, / Күн жанынан чыкпайсың, / Түндө жатып уктайсың, / Түн жанынан чыкпайсың, / Сен жетипсиң катынга,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Коркуп калган кокондук, / Кобо калып ордунан, / Кармай алып колунан, / Муну айтты араң да, / Бош түшүп сөзү оозунан: / — Узун кулак бала элең, / Укмуштуурак жан элең, / Уктуң бекен Бейжинди, / Канча күндүк жол экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суусамырдын белинен, / Дүркүрөгөн чаң чыгат, / Асманда мунар буу чыгат, / Будургуган булуттай, / Ак асаба туу чыгат, / Алдынан тосуп караса, / Коркуп калган Кокондук, / Аргымагын кекейтип, / Көк кебичин тепейтип, / Жүргөн экен жол менен, / Айры сакал Сынчыбек, / Алтымыш санча кол менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →