кокой
- Сороюп чыгып туруу, башкалардан бөлүнүп туруу.
- өт. Тегерегинде эч ким калбай, жалгыз өзү калуу, бой калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…оңгулдун башы маң болуп, / Шибе, солон, манжуга, / Кең дүйнөсү тар болуп, / Айдап барып Лопнурга, / Баарысы өлүп жоголуп, / Жана Калдык барыптыр, / Жалгыз башы кокойуп, / Шибе, солон, манжуда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Пилин минип томтойтуп, / Темирден найза кокойтуп, / Көргөндө жүрөк солк этет, / Чоңдугу тоодой зоңкойуп, / Кабаттап калган тартынып, / Соң темирин артынып, / Чарайнасы чатырап, / Чойун чокмор колтуктап, / Пил минип келди бадырек: / — Бириң эмес, баарың кел, / Мен Майтыкмын билгиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дайарлатып сорпосун, / Дасторкон кылып торкосун, / Кошкон майга шекер-бал, / Сары казы, керткен жал, / Карын-карта, куйруктан, / Алып келип койду эле, / Кокойто созуп ал мойнун, / Абыдан өйдө болду эле, / — Шектүү даам ал ичпейт, / Шекер менен бал, — деди, / Казы-карта, жал, — деди, / Алмамбетти чакырып, / Алып келе ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ушул кумдун четинде, / Аскерин таштап бир жерге, / Жетимиш балбан ээрчитип, / Келген экен бул жерге, / Жолборс алып сексенче, / Шерден кармап бир жүзчө, / Төө куштан атып кокойтуп, / Келайткан экен кечинде, / Дигерде жакын мезгилде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →