койчагыр
- Эпостук чыгармаларда кездешүүчү эски мылтыктын түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дегенди алып ойуна, / Өлөмүн деп санабай, / Өзүнүн жанын айабай, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Алоолонгон жалында, / Кылчайып артын карабай, / Олуйа Кошой асынган, / Койчагырды колго алды, / Куржун башы дарыны, / Кур дедире куйганы, / Колодон кылган сүмбөнү, / Колдурата урганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ортосу көкжал темирди, / Өзүм иштеп чыгарам, / Үч темирден курсам, / Үйгө койсоң үркөр боо, / Үнү ачуу Койчагыр, / Ойноп атса Очогор, / Жыйнап атса Замбирек, / Андай күндөр кез келсе, / Сандолун десе эп келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…балта бар, / Сом темир менен кетелек, / Андай жарак канча бар, / Бөрү тил учтуу канжар бар, / Учу кайкы шамшар бар, / Чойулуп чабар чоктор бар, / Очогор келте, Койчагыр, / Нечен түркүн мылтык бар, / Баарыдан мыкты жасаткан, / Ышкырып учкан жебе бар, / Түрүлгөн деңиз кептенип, / Түркүмдөп чыгаар эрлер бар, / Түртүшүп чыгаар шер…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жебенин огу зыркырап, / Койчагыр огу дыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Койчагыр атчууң калбай кел, / Койгулашчу балбан кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →