койлуу

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Кою бар, кою көп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лып талатып, / Бар кийимин тонотуп, / Ордо баккан элдер бар, / Өөдө-төмөн колбушуп, / Эскисин алган эзилип, / Дүнүйөгө жетинип, / Чепкенин алган чечилип, / Миң койлуудай эсирип, / Чапанын алган чак болуп, / Бүт дүйнөсү сап болуп, / Курун алган кубанып, / Ит дүйнөгө жубанып, / Топусун алган тойунуп, / Чөнтөктөн чыкпай эки кол, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Иймерип Кенен караса, / Киндиги казган ородой, / Куйругу басып жаткан жер, / Үч жүз койлуу кородой, / Сасыгынан бетбактын, / Качып чымын жолобой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Тогуз жүз койлуу тун уулу — Сааданбай тери шымдан бөлөк, өмүрүндө кездеме кийип көргөн жан эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Илгери-илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: "Тиги жолдош балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел", – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →