койкокто
- Башын көтөрүп, мойнун созуп жүрүү, койкоңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алактаган Буракүң, / Эки жагын каранып, / Жалактаган Буракүң, / Мас болгондой кылчыктап, / Шалактаган Буракүң, / Короздой мойнун көтөрүп, / Койкоктогон Буракүң, / Капканга түшкөн түлкүдөй, / Тойпоктогон Буракүң, / Күлгүн чалып көзүнө, / Тийип турган жарык күн, / Каркактатып найзасын, / Эки баатыр бет келди, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →