койкой

китептерде 75 жолу, 8 китепте
  1. Мойнун созуп, сындуу көрүнүү, көрүнүшү, сын-сыпаты түзүк болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Майтору минип болкойуп, / Сырнайза колдо койкойуп, / Он бештеги жаш бала, / Опол тоодой зоңкойуп, / Арбак конуп шаңданып, / Көргөн бенде таңданып, / Ондон жыйырма кулжа бар, / Эки жакта чаң салып, / Майторунун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак эки шер, / Сыр найзадай койкойгон, / Сырттан Сыргак кайран эр, / Аттарын алып токутуп, / Дайарданып турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…даңдап, / Алып учуп калдаңдап, / Чойтолоңго барышты, / Хан чакырат сени, деп / Айтып кабар салышты, / Койгон аты Чойтолоң, / Көркөм жигит болбосо, / Келишимдүү койкойгон, / Түк күлбөгөн аз сүйлөп, / Бойлуу киши зоңкойгон, / Алдыңкы эрди кеберсип, / Ач калгандай томсоргон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Ортого алып абаңды, / Кырк кыз келет чубашып, / Суркойон менен Гүлчоро, / Семетейге жанашып, / Салам айтты заңк этип, / Семетей карап койгон жок, / Мурункудай жарк этип, / Унчукпай кетти бастырып, / Буурул менен болкойуп, / Ак шумкар колдо койкойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алгара минип койкойуп, / Көк жеке бутта чойкойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →