койгула

китептерде 96 жолу, 10 китепте
  1. Кайра-кайра коюу, уруу, чапкылоо, ургулоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Нурфануну бул жерден, / Тиргизе албайм мен барып, / Жердигине койгула, / Кечиктирбей тез барып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колтуктарын чойушуп, / Койгулашып киргенде, / Чокмордун баары быдырап, / Чабарга чокмор жок болуп, / Бирөө сынса, бирөө жок, / Мурункудан беш бетер, / Дагы эле кирет октолуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Койгулашып коржоңдоп, / Кокус өлүп жүрбөйүн, / Амал кылып урушуп, / Кечкече байкап көрөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитек келет караса, / Койкүрөң менен койгулап, / Айчүрөк келет кубулуп, / Күн чагылып канаты, / Асмандын бети нур толуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Суркойон менен койгулап, / Ойдуңду көздөй чумулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →