кой2

китептерде 4798 жолу, 10 китепте кой 1 →
  1. Бир нерсени жайына, белгилүү бир жерге орнотуу, жайгаштыруу.
  2. Бирөөнү тыюу, токтотуу маанисинде колдонулат.
  3. Уруу, чабуу, муштоо.
  4. Уруксат кылуу, эрк берүү.
  5. Көпчүлүккө арналган сахналык чыгарманы, концертти, кинофильмди ж.б. элге көрсөтүү, демонстрациялоо.
  6. Радио, приемник, телевизор ж.б. аппаратты сүйлөө же бир нерсе көрсөтүү абалына келтирүү, иштетүү.
  7. Ишке дайындоо, тургузуу.
  8. Өлгөн адамды көмүү.
  9. Киргизүү, сунуш кылуу, талкууга салуу.
  10. Чыгаруу, пайда кылуу.
  11. Көмөкчү этиш катарында колдонулуп, капысынан болгонду, күчөтүүнү, өтүнүүнү ж.б. маанилерди билдирет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →