козу2
- Жээлигүү, күчөө, кызуу, дүүлүгүү тынч тура албай ээлиге берүү, козголуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн козу түш болгондо, / Суркойон менен шалкылдап, / Кирип келди, Канчоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошентип туруп, көрбөй калыпмын, менин ылдый жагымдагы каптал менен, жүзгө жакын козу дүркүрөп агып, төмөн карай кирип бараткан экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Козулары сенин пайдаң, мындай пайда эч жерден чыкпайт, – деп түлкү деле шек билгизбей жубатты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →