козголоң

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Элдин, айлана-чөйрөнүн тынчын алган дүрбөлөң, чыр-чатак, бүлгүн, жоболоң, уруш-талаш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тажиктердин Көкбөрү, / Түбүнөн бузук арам кул, / Тынч элге салып козголоң, / Коросон менен испанды, / Копурук салып козгогон, / Маңгыт менен калмактан, / Алардан аскер топтогон, / Каракөздү жалдаган, / Жедигер элин айдаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
чыйрак Мадана, / Жаш баладай жүгүргөн, / Чигитейге жакындап, / Чукул кирип келгенде, / Көзүнөн жаш төгүлгөн: / — Айланайын өзүңдөн, / Карааныңды көрдүм мен, / Козголоң салган баарыга, / Кубатай деп угамын, / Кеңештеш киши эмесмин, / Эшиткен менин кулагым, / Оогандын ханы Ырыскан, / Шоорук экөө тилдешип, / Темир шааны куруткан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кокустан тажик барбасын, / Козголоңду салбасын, / Калмактар каптап барбасын, / Калбаны элге салбасын, / Чылбырын сүйрөп ат калат, / Ээси жок минер бош калат, / Олжо алам деп барбасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бул жерге турсаң козголоң, / Кызыл кыргын тополоң, / Адысеге учурап, / Жаман күнгө каласың”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →