кожура

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Кобурашып сүйлөшүү, кобур-кобур этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…гартамын деп айтып, / Алдыга бешти чаптырды, / Аларга мындай тапшырды: / — Жолдо киши учурап, / Жолтоолосо кеп сурап, / Татыксыз кепти салгыла, / Баарың сүйлөп кожурап, / Акылман киши кептенип, / Сыр чыгарба божурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кожурап Отор түшүптүр, / Теңтуш өскөн эмеспи, / Муну булар күтүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көзү менен көргөнүн, / Төкпөй-чачпай кожурап, / Ханга айтып барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тыным албай кожурап, / Окуп-чукуп божурап, / Үн алышып кобурап, / Эки сыйкыр олтурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Экөөбүз жанаша жатып алып, болор-болбосту кеп уруп көпкө кожурашып алгандан кийин, ичибиз кайгыдан бошоп, көңүлүбүз сергип калгандай көрүнөөр эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →