кожоюн
- Ээ.
- Бир нерсеге жетекчилик кылган, башкарган, ээлик кылган адам.
- Эр, күйөө. Үй ээси, үй-бүлөнүн башчысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп кожоюнубуздун катыны тыйып койгон.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Экинчи көчөгө түшкөндөн кийин бир короого кирсек, кожоюну жылаңбаш чыгып келип, эшигинин алдына чендетпей туруп, түксүйүп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кожоюн ошо замат жооп бере койбоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кожоюн аттын тизгинин силкип, сөгүп, арабасына алып кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мен мына бул калың токойдун кожоюну болуу үчүн келгенмин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →