кожогат
- Кулпунай сыяктуу жапайы жер жемиш өсүмдүгү.
- Ушул өсүмдүктүн даамы кычкыл ширин келген мөмөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төө куйрук, шилби, кожогат, / Жапайы терек бар мында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайың талы аралаш, / Баарысы өнгөн чамалаш, / Табылгы менен шылбысы, / Ыргай менен кожогат, / Четин менен сөксөөлү, / Аралашып бир чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Шилби, четин, ыргайы, / Табылгы, терек аралаш, / Сайып адам койгондой, / Алма менен кожогат, / Алача, өрүк, жийдеси, / Ошол жерде чоңойгон, / Жаңгагы жерге жыйылып, / Ой, чуңкурга жык толгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →