кожо2
- Мукамбет пайгамбардын же алгачкы халифтердин тукуму.
- Бүткүл мусулмандардын диний башчыларына берилүүчү наам.
- Кожоюн, ээ.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оң боло албай сол болсо, / Баатыры Кокүн Тормайлык, / Баарысынын Кожосу, / Тирүү кудай молдосу, / Түп оту менен жоголот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Бүтүн элди башкаруу - / Колунан келсе чамасы, / Ал Манастын чунагым, / Олуйа көрсө урушуу, / Оңолбогон жумушу, / Очоктуу байдын баарына, / Одураңдап турушу, / Кожону көрсө урушу, / Коркоңдоп келип турушу, / Короолош байдын баарына, / Кордук экен жумушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…гон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылдап, / Шамалда учкан чар карка, / Чөкө таандай чаркылдап, / Малайларын башкарган, / Кожойундай бартылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аргымак антип жатканын, / Бала баатыр көргөнү, / Башын ийкеп жаныбар, / Ойду карай жөнөдү, / Кожобостон киргенде, / Колтугун тулпар чойуптур, / Ачып көздү жумганча, / Аскага жетип болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошентип, айда дээр ажа, кой дээр кожо жок, өзү бий, өзү кан болуп, бечера карыпты ыйлатып, той түшүрүп, канга тоюп, семирип жаткан жасоолдор...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →