кодоңдо

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кодоң-кодоң этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бозчаар минип чолоңдоп, / Жөн жүрбөйсүң сороңдоп, / Чукуп алып көзүңдү, / Койо берем өзүңдү, / Элди таппай, жер таппай, / Тентип өлгөн короңдоп, / Жыгылып-кооп кумда жүр, / Жер кодолдой кодоңдоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жыгачтын баары кодоңдоп, / Башаламан сороңдоп, / Элдин баары эндиреп, / Эсин таппай сендиреп, / Элейип калды нечени, / Эси оогандай темтиреп, / Оогандын эли сандалды, / Табыша албай далданы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жарга урулуп токтолуп, / Коңурбай башы кодоңдоп, / Бир көрүнүп жок болот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
жан, / Кара болсун, хан болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →