кодой
- Бою кыска, кичине болуп көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бодоңду сайып торойтуп, / Жедигердин Кара көз, / Башын кагып жөнөдү, / Мойну калды кодойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атынан түшө калышып, / Белинде курдан алышып, / Орой-торой чалышып, / Ача кармап силкишип, / Тизелей түшүп оңолуп, / Жыгылганы жок болуп, / Жер кучактап торойуп, / Көөдөндөшүп тирешип, / Тепе-тең турат соройуп, / Баштарында туулга жок, / Кокодой башы кодойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– / Ачууланып ошондо, / Койонаалы чунагың, / Өлсөң өзүң өлгүн деп, / Өлүмдү сонун көрдүң деп, / Кара жаак булдурсун, / Толгой кармап имерди, / Олуйа чалды кодойтуп, / Оройлото жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туулганын баары жоголду, / Баштары коондой кодойду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Узун эмес соройуп, / Кыска эмес кодойуп, / Кабагы бийик, өңү саз, / Эки бети томолок, / Жаткан иттей турат каш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →