кобура1
- Сүйлөө, кеп салуу, сөз айтуу.
- Күңкүлдөп тиешеси жок сөздөрдү сүйлөө, бирдемелерди айта берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атын Балтык койгону, / Арамкор доңуз оңбоду, / Эки-үч жыл өтүп кетти, деп, / Ойлогонун койбоду, / Коктукат барып кобурап, / Конгон үйдө кеп салып, / Жок сөздү айтып божурап, / Ошентип жүрүп үч айда, / Бул Оторго жолугат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жол баштаган жооп айтты, / Кобурабай тургун, деп, / Колду баштап басканы, / Колун сунуп Бактыбай, / Далысынан кармады, / Чымчыктай аттан алганы, / Чымырканып сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Коңурбай тажаалга, / Туйундурбай баралы, / Түртүшүп калба салалы” / Деп ошентип баатырлар, / Ат үстүндө чалкалай, / Чирене тээп үзөнгү, / Кебирлери кайкалай, / Кобураба, шүк дешип, / Куу түлкүнү издешип, / Түрсүлдөтө бастырбай, / Түлкүгө шыбыш алдырбай, / Алчактатып тулпарды, / Артын бопбоз чаң кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бурмаке таягы менен бөкчөңдөп жүрүп келе жатып, адатындай кобурап кетет:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир түнү Кызыр-Илияс, Акыл, Бак үчөө "канга учурашалы" деп келе жатышса, шаарда жылт эткен от, былк эткен киши жок, үчөө таң калышып, кобурашып келе жатканын таздын аялы үйүндө жатып угат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →