кобур2
- Үңкүр, кысык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Көкчө көз октоп белендеп, / Арсак ташка таш койуп, / Шыйрагын кайрып өткөрүп, / Милтесине от берип, / Ооз отунун дарысын, / Бармак менен талкалап, / Арта салып кобурдан, / Тиктеп жатты чалкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атасы Кошой олуйа, / Казатта жүрүп куш салган, / Кобурлуу көнгөн киши эле, / Атадан алып көп үлгү, / Канаттуунун Жалгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жообун абаң бергенде, / Жоо дегенде сүйүнүп, / Кобурлуу тууган чунагың, / Мыйыгында күлүнүп, / Башкасына карабай, / Буурулду көздөй жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кобурлуу кыргыз кыздары, / Коромжу менен Бакдөөлөт, / Коржоңдогон Калдуубет, / Козгоп дартын ырдады: / — Оогандан келген Бакдөөлөт, / Оодара сайды каракөк, / Коромжу келди бул жерге, / Тынымканды алам, деп, / Ойлогон эмес нээтинде, / Өлүп куру калам деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Үйдүн ичи кобур-кобур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →