кобул1

китептерде 2 жолу, 2 китепте кобул 2 →
  1. Уук, кереге, түндүк, чамгарак сыяктуу ж.б. буюм-теримдерди кооздоо үчүн түшүрүлгөн ичке, жылга-жылга келген оюк, из, оюм.
  2. Териден тигилген кийимдин, башка буюмдардын тигишине тиштеп түшүрүлгөн из, оюм.
  3. Көңдөйчө.
  4. Капталдары салыштырмалуу тик, узун, кууш оёң жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кобулдуунун өзөнгө, / Конулсун деп шол жерге, / Баашалык доол кагылды, / Капчыгай ичи жагырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кобул салып чаптырган, / Алтын менен күмүштү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →