кишмиш

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Майда, данексиз, таттуу жүзүмдүн сорту.
  2. Ушул жүзүмдүн кургатылган мейизи.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йуп аттарды, / Эштектин эли меймандос, / Самаварын кайнатып, / Дасторкондун бетине, / Түрдүү даамын жайнатып, / Сары кантын чактырып, / Дасторконго чачтырып, / Кишмиштен салып буулантып, / Палоосун, сартка бастырып, / Куурдак менен май койуп, / Чыны менен чай койуп, / Аш-тамагын жай койуп, / Капакка салып бал койуп, / Каймакка … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ытган көөкөрүн, / Жибектен боосун чалдырып, / Кол куржунга салдырып, / Кагаз-кагаз чай алып, / Капакка салып бал алып, / Каймакка бышкан нан алып, / Сары мейиз кишмиштин, / Сабактарын тердирип, / Шекер-шербет кыйын аш, / Дайындатып бердирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →