кишисин
- Кандайдыр бир киши абалында болуу, ошондой абалдагы кишиге окшоп көрүнүү, колунан бирдеме келген, бирдемеге жарагыдай, арзыгыдай киши сыяктануу, кишилик сапаты бар өңдөнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттарды хан Калдык, / Көз үйрөтүп карады, / Катардагы кишисин, / Бирден – бирден санады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайдан келген кишисиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сен ошонун бирисиң, / Калыбектин алдында, / Сен канчалык кишисиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Олжо алам деп сүйүнүп, / Карманаптын кишисин, / — Кайра ылдам бар, — деди, / Хан Бадыкөл келет деп, / Калкыңа кабар сал, -деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ушул сапар Кутургур, / Бир кишисин жиберген: / “Алыска кеттим мен, — деген, / Камданып тургун сен, — деген, / Катын кылып алдайын, / Башкадай көрүп болбосоң, / Шаарыңды чабамын, / Олжо катын кыламын, / Акылга салып ойлоп көр, / Келер иштин арт жагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →